Түптө жергиликтүү тургундун үйүнөн 3 кг нашаа табылды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУничтожение наркотических средств в Таджикистане
Уничтожение наркотических средств в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Түп райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте рейд жүргүзгөн.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Түп районун тургуну 2 килограмм 900 грамм нашаа менен кармалганын ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңги затка каршы күрөшүү кызматы Түп райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте рейд жүргүзгөн. 

"Рейд учурунда Түп районун 26 жаштагы тургуну кармалган. Анын үйүн тинтүүдө 2 килограмм 900 грамм нашаа табылган", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0