Мончо. Архивдик сүрөт

Антальянын мончосунан кайрадан кыргызстандык кыздар кармалды

908
(жаңыланган 17:20 08.11.2016)
Кыздар Түркия мамлекетине мыйзамсыз жол менен кирип кеткени үчүн айыпталып, депортациялоо үчүн Антальянын миграциялык полиция бөлүмүнө жеткирилди.

БИШКЕК, 8-ноя.— Sputnik. Түркиянын Алания районунда полиция кызматкерлери кыргызстандык кыздарды кармашкан. Бул тууралуу жергиликтүү Haberler басылмасы жазып чыкты.

Үч кыз мончолорду текшерүү учурунда кармалган. Алар Түркия мамлекетине мыйзамсыз жол менен киргени үчүн айыпталууда. Депортациялоо максатында кыргызстандык жарандар Антальянын миграциялык полиция бөлүмүнө жеткирилди. 

Эске салсак, жумушка уруксаты жок мончодо иштеген кыргыз кыздардын кармалышы экинчи ирет болууда. Мындан мурда да түрк тартип коргоочулары тарабынан үч кыргызстандык кыз кармалган.

908
Белгилер:
Түркия, Анталия, полиция, мончо
Тема боюнча
Түркияда мыйзамсыз жүргөн кыргыз кыздар мончодон кармалды
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды

ЖАМК башчысынын биринчи орун басары кармалды. Кабинетин, үйүн тинткен видео

486
(жаңыланган 12:12 03.08.2021)
Жетекчинин иш бөлмөсүнөн 3500 доллар, 59 000 сом табылган. Ал эми үйүнөн абакта отургандар тарабынан жасалган кылыч, бычактар чыккан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал соттолгон жарандарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле орто звенодогу жетекчилердин мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырып жүргөнү үчүн системалык түрдө акча алып келгени айтылды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-август күнү Нуралиевдин иш бөлмөсүн тинткенде 3500 доллар, 59 000 сом, уюлдук телефон жана майда калибрдеги курал чыккан.

Ал эми жашаган үйүн текшергенде ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай курал табылган. Аны менен катар абакта отурган соттолуучулар тарабынан жасалган стол, отургуч, кылыч, бычак, сандык, нарда сыяктуу буюмдар болгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Таалайбек Нуралиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

486
Белгилер:
ЖАМК, коррупция, кармоо, тинтүү, Таалайбек Нуралиев
Тема боюнча
УКМК мурдагы биринчи вице-премьер Тайыр Сарпашевди кармады
Жолдогу автоунаа. Архив

Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди

79
(жаңыланган 11:50 03.08.2021)
Жол милициясы кырсыктын көпчүлүк учуру адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргызстандын жолдорунда тынбай катталып жаткан автокырсыктардын себебин атады.

Жол милициясы көпчүлүк учурда кырсык адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

"Жыл сайын өлкөдө жол кырсыктарынан жүздөгөн адам каза табат. Статистикага ылайык, кырсыктардын 80 пайызы айдоочунун күнөөсүнөн улам болот", — деп жазылат маалыматта.

ЖКККББнын версиясы боюнча, көбүнчө төмөнкүдөй себептерден улам жол кырсыгына кириптер болушат:

  • Мас абалында же баңгизат чегип алып рулга отуруу;
  • Катуу ылдамдык менен жүрүү;
  • Окубаган айдоочулар — автомектепте окубай эле ар кандай жол менен айдоочулук күбөлүк алган жарандар;
  • Айдоочунун чарчап рулга отурушу;
  • Аралыктын сакталбашы;
  • Алдындагы автоунаадан ашып өтүү эрежесин бузуу;
  • Каршы тилкеге чыгып кетүү;
  • Айдоочунун шалаакылыгы.

Соңку убакта Кыргызстанда бир нече адамдын өмүрү бир учурда кыйылган жол кырсыктары көп катталууда. Президент Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берген.

79
Белгилер:
жол кырсык, себеп, аныктоо, айдоочу, Кыргызстан
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Боомдогу үрөй учурган жол кырсык. Милиция канча киши жабыркаганын айтты
Бишкекте Кайгуул милициясына тутулган айдоочулар 1,5 млн. сомдук айыпка жыгылды
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив

УКМК: экс-премьер-министр Темир Сариев кармалды

0
(жаңыланган 14:57 03.08.2021)
Тергөөнүн жыйынтыгында мурдагы премьер-министрди кармоо чечими чыккан. Сариев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, "Кумтөр" иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында Сариевди кармоо тууралуу чечим кабыл алынган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

0
Белгилер:
Темир Сариев, УКМК, кармоо, Кумтөр