Лев Толстой менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдон поезддин вагону

Темир жолдогу кыймыл калыбына келтирилди

(жаңыланган 12:59 09.11.2016)
Вагондун рельстен чыгып кетишинин себеби азырынча белгисиз. Окуядан жабыр тарткандар катталган жок.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Вагондун рельстен чыгып кетишинен кийин темир жолдогу кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" улуттук ишканасы билдирди.

Эскерте кетсек, шаршемби күнү Лев Толстой менен Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдон поезддин вагону темир жолдон чыгып кеткени айтылган.

"Кыргызтемиржолу" ишканасы жүк ташый турган эки бош вагондун жолдон чыгып кеткенин тактады. Азырынча себептери белгисиз. Вагондор рельске коюлуп, жол кыймылы калыбына келтирилди. Жабыр тарткандар катталган эмес.

Белгилер:
вагон, темир жол кырсыгы, Бишкек
Тема боюнча
Дарыгер: поезддин алдында калган студенттин абалы жакшырууда
Бишкекте вагон темир жолдон чыгып кетти
Оорукананын кызматкерлери атайын сактоочу кийимде. Архивдик сүрөт

Өткөн суткада 380 кишиден COVID табылып, 5 адам каза болду. Статистика

(жаңыланган 10:58 22.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 380 кишиден коронавирус табылып, 164 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 246;
  • Ош шаары – 14;
  • Чүй облусу – 91;
  • Ош облусу – 5;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 94;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 44;
  • Ош облусу – 7;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 3.

Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан бир кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 566га жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Россия жакынкы аралыкта Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр
Көбөйүп бара жатат. Өткөн суткада 306 кишиден коронавирус табылды
Кызы менен апасы. Архив

Оштогу бала бакчада кыз сабалды деген маалымат боюнча териштирүү башталды

(жаңыланган 17:42 21.04.2021)
Жабырлануучу кыздын энеси шаардык милицияга арыз менен кайрылып, бир нече сүрөттөрдү социалдык тармакка жайгаштырган.

ОШ, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Жасмин" балдар бакчасында беш жаштагы кыздын сабалышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

Ушул жылдын 6-апрель күнү Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Жабыркаган кыздын энеси Instagram баракчасына бир нече сүрөттөрдү жарыялаган.

Ал беш жашар кызын Ош шаарындагы "Жасмин" балдар бакчасында 5-апрелде аталган бакчанын кызматкери сабап, денесине залал келтиргендиги тууралуу жазып, кызматкерге карата тиешелүү жаза берүүнү суранган.

Аталган арыз Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүп, бала бакчанын кызматкерлери суралган.

Кыздын алган жараатын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Бала бакчанын күнөөлөнүп жаткан кызматкери бөбөккө кол көтөрбөгөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милициядан учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.

Белгилер:
милиция, арыз, сабоо, бала бакча, Ош шаары
Тема боюнча
Бишкектин четинде 13 жашар бала киши колдуу болгону айтылууда
Ошто конок үйүндөгү бассейндеги сууга ууланды делип 7 бала ооруканага түштү
Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу Евразиялыктар – жаңы толкун фондунан билдиришти

Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузулду. Бишкектеги сүрөттөр

(жаңыланган 17:52 22.04.2021)
Көчөттөр 28 панфиловчунун өлбөс-өспөс эрдигин эскерип отургузулган. Бул "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акциянын алкагында жасалды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу "Евразиялыктар – жаңы толкун" фондунан билдиришти.

  • Торжественная церемония посадки деревьев, приуроченная к 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне в Бишкеке
    Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу "Евразиялыктар – жаңы толкун" фондунан билдиришти
    © Фото / пресс-служба фонда "ЕНВ"
  • Торжественная церемония посадки деревьев, приуроченная к 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне в Бишкеке
    Аталган иш-чараны уюштуруучулардын курамына Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы да кирген
    © Фото / пресс-служба фонда "ЕНВ"
  • Торжественная церемония посадки деревьев, приуроченная к 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне в Бишкеке
    Салтанатка Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Кант" аба базасынын, Ленинград блокадачыларынын өкүлдөрү, алардан сырткары, борбордук жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери катышты
    © Фото / пресс-служба фонда "ЕНВ"
  • Торжественная церемония посадки деревьев, приуроченная к 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне в Бишкеке
    Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл.
    © Фото / пресс-служба фонда "ЕНВ"
  • Торжественная церемония посадки деревьев, приуроченная к 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне в Бишкеке
    Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.
    © Фото / пресс-служба фонда "ЕНВ"
1 / 5
© Фото / пресс-служба фонда "ЕНВ"
Борбор калаада Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак отургузуу салтанаты болду. Бул тууралуу "Евразиялыктар – жаңы толкун" фондунан билдиришти

Аталган иш-чараны уюштуруучулардын курамына Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы да кирген.

"Жалпысынан 76 көчөт отургузулса, анын 28и атактуу панфиловчулардын элесине арналды. Бул "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акциянын алкагында жасалды", — деп айтылган маалыматта.

Салтанатка Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, "Кант" аба базасынын, Ленинград блокадачыларынын өкүлдөрү, алардан сырткары, борбордук жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери катышты.

Эл аралык "Эскерүү багы" акциясы 2020-жылы башталган. Анын уюштуруучусу "Жеңиштин ыктыярчылары" деп аталган бүткүл россиялык кыймыл. Былтыр үч айда (март-июнь) Россиянын аймагы боюнча 27 миллион көчөт отургузулган. Быйыл аталган акция эл аралык мүнөзгө өтүп, ал Кыргызстанга да келди.

Белгилер:
көчөт, эскерүү, баатыр, Улуу Ата Мекендик согуш, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте "Эскерүү багы" акциясы өттү. Кызыл-Аскерден тартылган сүрөттөр