ИИМ: өзүн өзү өлтүрдү делген аялды жолдошу өлтүргөн

© flickr.com / Fraser MummeryПетля. Архивное фото
Петля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө учурунда айрым дал келбөөчүлүктөн улам милиция кызматкерлери маркумду жерге берүү зыйнатына чейин соттук медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн маркумдун денесин моргго алып кетишкен.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Тергөө иштери Ноокен районунда асынып өлдү делген 51 жаштагы аялды аны күйөөсү өлтүргөнүн көрсөтүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, маркумдун жолдошу 25 жыл чогуу жашаган жубайын муунтуп өлтүрүүгө шектелүүдө.

"1-ноябрь күнү саат 10.30 чамасында Ноокен районунда 51 жаштагы аялдын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал үйүндөгү бөлмөлөрдүн биринде жылыткыч трубага асынып алганын алгач жолдошу көргөнү маалым болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Бирок айрым дал келбөөчүлүктөн улам милиция кызматкерлери маркумду жерге берүү зыйнатына чейин соттук медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн маркумдун денесин моргго алып кетишкен. 

"Чогулган далилдердин натыйжасында маркумдун 51 жаштагы жолдошу күнөөсүн моюнга алууга аргасыз болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жубайлардын ортосунда уруш чыккан. Натыйжада жолдошу аялын муунтуп өлтүрүп салган. Кылмыш бетин жабуу максатында аял өзү асынып өлдү деген ой жаратуу үчүн парданы жулуп алып асып койгон", — деп айтылат маалыматта. 

Маалыматтарга караганда, шектүү диндар адам болгону менен ачуусу чукул келдип, буга чейин оор кылмышы үчүн соттолгон. 

Учурда шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0