Сокулукта кайрадан фура менен унаа кагышып эки адам каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал эми жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Сокулук районунда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагышып эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда кырсык кечээ 9-ноябрда саат 18.30 чамасында катталган. 

"Фрунзе көчөсүндө Ford Fox үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышкан. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу менен бир жүргүнчүсү каза таап, дагы бирөө оор абалда ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта. 

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал эми жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. 

ӨКМдин кызматкерлери унаа ичинде кысылып калган адамдардын сөөгүн чыгарып, моргго жеткирген. Учурда каза болгондордун өздүгү такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0