Кочкордо 4-класстын окуучусун карышкыр тиштеп алды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЧучело волка. Государственный Дарвиновский музей
Чучело волка. Государственный Дарвиновский музей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, кырсык 8-ноябрда түштөн кийин катталган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын Ак-Булуң участкасында карышкыр 11 жаштагы баланы сарайдын жанынан тиштеп алган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-ноябрда түштөн кийин катталган.

"4-класстын окуучусу сарайдын айланасында ойноп жүргөндө карышкыр тиштеп алган. Баланын атасы ошол жерден аны атып өлтүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

10-ноябрь күнү карышкырдын өлүгү райондук Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан Республикалык лабораторияга текшерүү үчүн жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек. 

Азыркы күндө жаракат алган бала райондук оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0