ИИМ: эки ай мурун жоголгон энесин кызы өлтүрдү деп шектелип жатат

© flickr.com / Kelly SikkemaЛопата. Архивное фото
Лопата. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери эки айдан бери жүрүп жаткан тергөө жана бул кылмышка эмне үчүн туугандары шектелип жатканы тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы айланма жолдон аялдын сөөгү табылганын ИИМ билдирип, окуя тууралуу толук маалымат берди.

13-августа Ысык-Ата РИИБине 25 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 46 жаштагы апасы дайынсыз жоголуп кеткенин маалымдап, аны издеп табууга жардам сураган.

Абактын эшигин жаап жаткан кызматкердин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран камалды
Кызынын айтымында, ал апасын акыркы жолу 11-августта көргөн. Калган туугандары да аялды акыркы жолу ошол эле күнү кечинде көргөнүн айтышкан.

Аялды издөөгө шаардык, райондук милиция бөлүмдөрү тартылып, Ысык-Ата районунун аймагындагы бардык ооруканалар текшерилген.

ИИМ башында аялдын жоголушунан криминалдык элементтер байкалбаганын айтты. Бирок милиция кызматкерлери окуянын хронологиясын түзүп, күбөлөрдү суракка ала баштаган.

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерин "айрымдардын аракеттери шектендирген". Алар үй-бүлө мүчөлөрүн жана туугандарын дыкаттык менен суракка ала башташкан. Эки айдан ашык убакыттан кийин биринчи илинчектер табылганда милиция кызматкерлери таң калышкан.

"Башында бул кылмышты дасыккан кылмышкер жасады деген версиялар болгон, бирок буга жакын тууганынын да катыштыгы бар экени тергөө маалында билинди", — деп айтылат маалыматта.

Чүй ИИББдин тергөөчүлөрү каза болгон кишинин айрым буюмдарын чоочун эле адамдар колдонуп жүргөнүн аныкташкан. Тергөө амалдары учурунда милиция кызматкерлери жоголгон аялдын буюмдарын колдонуп жүргөн кишинин изине чыгышкан.

"Оор кылмыш ишин жасоого шектүү катары 27 жаштагы киши менен каза болгон аялдын 25 жаштагы кызы кармалган", — деп айтылат маалыматта.

Петля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: өзүн өзү өлтүрдү делген аялды жолдошу өлтүргөн
Алдын ала маалыматтар боюнча 12-августта кызы менен апасынын ортосунда чыр чыгып, кызы менен жашаган киши аялды бир нече жолу катуу уруп жиберген. Укук коргоо органдары маркум дал ушул соккулардан каза болгон деп болжоп жатышат. Кылмыштан качуу үчүн шектүүлөр сөөктү машинага салып, Красная Речка айылынан анча алыс эмес жерге алып барып көмүшкөн.

10-ноябрда кармалгандар маркум көмүлгөн жерди көрсөтүп берип, милиция кызматкерлери дайынсыз жоголду делген аялдын сөөгүн табышкан.

Сот-медициналык экспертиза дайындалып, адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жарандар кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0