Айыпталуучу Бишкектеги милициядан качып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглого заключенного в районе рынка "Дордой"
Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча айыпталуучу шаардагы РИИБдердин бирине тергөө экспериментине алып келген учурда качып кеткен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Тергөө изоляторунан алынып келген айыпталуучу качып кеткенин укук коргоо органдарынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бул маалыматты Бишкек ШИИБ тастыктады. Азырынча окуянын чоо-жайы боюнча маалымат бере элек.

Издөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча айыпталуучу шаардагы РИИБдердин бирине тергөө экспериментине алып келген учурда качып кеткен.

Саунада чогуу эс алып күзөтчүлөрдөн качып кеткен Азатбек Алымкулов кармалды
Айыпталган адам качып кеткен бул алгачкы учур эмес. 27-февралда 27 жаштагы Азатбек Алымкулов аны коштоп жүргөн эки кишиге карабай из суутуп кеткен. Аны Аламүдүн сотундагы сот процессине алып келишкен болчу. Ал жакта кишиге кол салуу боюнча иш каралып жаткан. Башкы прокуратура Алымкуловду кайтарган күзөтчүлөр аны менен чогуу ичимдик ичип, кыздар менен саунада эс алышканын маалымдаган. Кылмышкер менен чогуу эс алган кызматкерлер камакка алынып, 600 миң сом айыпка жыгылган.

Чүй ИИББдин маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Азатбек Алымкулов Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал эки апта кош бойлуу аялча кийинип, жашынып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0