Миң-Кушта көчкү жүрүп унаа жол жабылып калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия оползня в районе Мин-Куш
Последствия оползня в районе Мин-Куш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миң-Куш — Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунун 3-4-чакырымында болжол менен көлөмү 80 000 метр куб болгон жер көчкү жылган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында 15-ноябрда көчкү жүргөндүгү тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, көчкүнүн айынан ички чарбалык жол жабылып калган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРНарын облусуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында 15-ноябрда көчкү жүргөн
Нарын облусуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында 15-ноябрда көчкү жүргөн - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында 15-ноябрда көчкү жүргөн
© Фото / пресс-служба МЧС КРКөчкүнүн айынан ички чарбалык жол жабылып калган.
Көчкүнүн айынан ички чарбалык жол жабылып калган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Көчкүнүн айынан ички чарбалык жол жабылып калган.
1/2
Нарын облусуна караштуу Миң-Куш айыл аймагында 15-ноябрда көчкү жүргөн
2/2
Көчкүнүн айынан ички чарбалык жол жабылып калган.

"Миң-Куш — Ыраакы-Миң-Куш ички чарбалык унаа жолунун 3-4-чакырымында болжол менен көлөмү 80 000 метр куб болгон жер көчкү жылган. Натыйжада 1500 метр куб жер көчкү унаа жолго түшкөн. Жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Жарандар үчүн бул жолдон башка үч чакырым алыстыкта кошумча айлампа жол бар экени белгиленет.

Учурда ӨКМдин кызматкерлери көчкү жүргөн жерде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0