ШИИБ: Текебаев ууру кирген батиринен бир ай мурда көчүп кеткен

Жазылуу
Эскертке кетсек, 14-ноябрда түштөн кийин Өмүрбек Текебаев анын батирине ууру киргенин маалымдаган болчу.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Баетов көчөсүндө жайгашкан Өмүрбек Текебаевдин жубайына таандык батирге ууру киргени боюнча милицияга маалымат келип түшкөн. Ал эми үй ээлери батирден бир ай мурда көчүп кеткенин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эскертке кетсек, 14-ноябрда түштөн кийин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаев анын батирине уурулар киргенин маалымдаган болчу.

Маалыматка ылайык, 102 телефону аркылуу билдирүү 15-ноябрда саат 12:50дө келип түшкөн.

"Жаран Айгүл Текебаева үйүнө келип, эшиги ачылбай ичинен жабылып калганын байкап, 102 телефону аркылуу кабар берген. Сураштыра келгенде аталган батир Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жубайына таандык экени аныкталган. Үч бөлмөлүү батир экинчи кабатта жайгашкан. Текебаева аталган батирден бир ай мурда көчүп кеткенин айтты", — деп жазылат ШИИБ тараткан билдирүүдө.

Милиция окуя болгон жерден алты манжа изин алып, учурда тийиштүү соттук экспертизалар дайындалганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0