Ошто окуучу башкарган унаа кырсыктап, жүргүнчүсү жаракат алды

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу бала айдаган унаа жол четиндеги арыкка түшүп кетип, жанындагы классташы жаракат алды.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарында мектеп окуучусу айдап бараткан унаа кырсыкка кабылып, жанындагы классташ баласы жаракат алды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында болгон.

"16 жаштагы окуучу бир тууган агасынын Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын Ош шаарын көздөй айдап чыккан. Унаа кырсыкка кабылып жол четиндеги арыкка кирип кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Айдоочу баланын жаракат алган классташы Ош облустук ооруканага жеткирилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0