Кайгуул кызматы: Бишкекте жөө аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу изделип жатат

Жазылуу
Кырсык Дэн Сяопин жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкек шаарында Дэн Сяопин жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа жөө жүргүнчү аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек ШИИБнин Кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык таңкы саат 06:50дө "Кудайберген" базарынын жанында катталган.

"Белгисиз унаа жөө жүргүнчү аялды өлтүрө сүзүп, изин суутуп качып кеткен. Унаанын жарык берүүчү айнектеринин сыныктарына караганда Honda Stream үлгүсүндөгү унаа болгон", — деп Кайгуул кызматынан белгилешти.

Учурда милиция кызматкерлери айдоочуну издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0