Пакеттеги баңгизат. Архив

ИИМ: баңгизат саткан милиционерлер кармалды

473
(жаңыланган 13:05 16.11.2016)
Иликтөө жүргүзгөн тарап шектүүлөрдөн атайылап бир нече жолу баңгизатын сатып алып көргөн.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Баңгизат сатууга шектелген милициянын офицерлери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, ИИМдин өздүк коопсуздук кызматына Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизат менен шугулданып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Ага ылайык ИИМ менен прокуратура кызматкерлери иш алып барышкан. 

"Иликтөөнүн натыйжасында милиция кызматкерлеринен куралган кылмыштуу топ баңгизат менен шугулданганы аныкталган. Алар жарандарга атайылап баңгизат таштап акча талап кылуу үчүн шантаж кылышкан", — деп айтылат маалыматта. 

Иликтөө жүргүзгөн тарап шектүүлөрдөн атайылап бир нече жолу баңгизатын сатып алып көргөн. 

"16-ноябрда 00.30 чамасында Свердлов районунун аймагында шектүүлөрдү кармоо үчүн атайын даярдалган сатып алуучу жиберилген. Эки милиционер ал адамга баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан. Алардан 64 миң сом жана 1,8 грамм кара куурай алынган", — деп айтылат маалыматта. 

Бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү) жана 304-беренеси (кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

473
Белгилер:
баңгизат, ИИМ
Тема боюнча
Милиция баңгизат шеги менен ширеңке кутусуна окшогон затты алып жүргөн жигитти кармады
Баткенде ири көлөмдөгү баңгизат менен тажик жараны кармалды
Пикирлер