Кайгуул кызматы аялды сүзүп кеткен кырсыктын видеосун жарыялады

Жазылуу
Эртең менен "Кудайберген" базарынын жанында белгисиз унаа аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кайгуул кызматы жалпы жарандардан Бишкекте аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочуну табууга жардам сурады.

Кырсык бүгүн таңкы саат 06:50дө "Кудайберген" базарынын жанында Дэн Сяопин менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Сүзгөн унаанын жарык берүүчү айнектеринин сыныктарына караганда Honda Stream үлгүсүндөгү унаа болушу ыктымал", — деп айтылат Кайгуул кызматынын маалыматында.

© Фото / предоставлено УМП ГУВД БишкекаАвтомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы
Автомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы  - Sputnik Кыргызстан
Автомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы

Милиция аталган унаанын айдоочусу тууралуу кимдир бирөөдө маалымат болсо, тартип сактоо органдарынын 53 22 33, 53 01 81, 0772 188 821 номерлерине байланышып коюусун өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0