Ош жана Аламүдүн базарларынын жанында кайрадан жол кырсыгы катталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош базарынын жанындагы жөө жүргүнчүнү коюп кеткен окуя түшкү саат 14:00дө, Аламүдүн базарына жакын жердеги кырсык 14:10до катталган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен дагы эки кырсык катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин Кайгуул кызмат башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришти.

"Ош базарынын жанындагы жөө жүргүнчүнү коюп кеткен окуя саат 14:00 чамасында болгон. Анда Дэн Сяопин көчөсү менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде Toyota үлгүсүндөгү автоунаа баласы бар аялды өткөрүүгө токтогондо артынан Mercedes үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Ошентип Toyota машинасы баласы бар аялды сүзүп алган. Окуядан эки жаштагы бала жабыркап ооруканага жеткирилди", — деп жазылат милиция тараткан маалыматта.

Ал эми экинчи кырсык Аламүдүн базарынын жанында Курманжан Датка жана Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

"Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен унаа кырсык болгон жерден качып кеткен. Окуя түшкү саат 14:10дордо катталып жапа чеккен эркек адам ооруканага жактырылган ", — деп Кайгуул милициясы билдирди.

Эске салсак, эртең менен Бишкек шаарындагы "Кудайберген" базарынын жанында белгисиз унаа аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0