Кыргыз-казак чек арасындагы Кордай көзөмөл өткөрүү пунктунудагы полиция унаасы

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" пункту жабылып, полиция курчоого алды

2928
(жаңыланган 19:59 16.11.2016)
Саат 18.00гө жакын кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" өткөрүү пункту жабылган. Чек арадан эки тараптан тең кишилерди өткөрбөй турушат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылганын ага күбө болгон Мурат Бейшекеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.

  • Кыргыз-казак чек арасындагы Кордай көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылды
    Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылды
    © Фото / очевидца Мурата Бейшекеева, отправленное по Whats App-каналу
  • Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы казак кесиптештерине таянуу менен көзөмөл өткөрүү пунктундагы автоматташтырылган системада көйгөй жаралганын билдирди.
    Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы казак кесиптештерине таянуу менен көзөмөл өткөрүү пунктундагы автоматташтырылган системада көйгөй жаралганын билдирди.
    © Фото / очевидца Мурата Бейшекеева, отправленное по Whats App-каналу
1 / 2
© Фото / очевидца Мурата Бейшекеева, отправленное по Whats App-каналу
Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылды

Ал чек арада кезек күтүп турган. Анын айтымында, көзөмөл өткөрүү жайы саат 18.00гө жакын жабылган.

"Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, полиция, тез жардам кызматы жана сапердун автоунаасына окшогон машина келди. Бизди окуя болгон жерден алыс чыгарып, "Кара-Суу" өткөрүү пунктуна баргыла деп айтышты. Чек ара эки тараптан тең жабык. Имиштерге караганда казак тараптан бомба табылганын айтышууда. Так билбейм", — деди Бейшекеев.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы казак кесиптештерине таянуу менен көзөмөл өткөрүү пунктундагы автоматташтырылган системада көйгөй жаралганын билдирди.

2928
Белгилер:
кыргыз-казак чек арасы, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстан менен чек арадагы 7 талаш тилке боюнча бир пикирге келди
Пикирлер