БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 16-ноябрда саат 21:30да Куртка айыл аймагынын Молдонун Бели ашуусунда Кара-Кече көмүр шахтасынан Соң-Көл жайлоосу аркылуу көмүр жүктөп келе жаткан жүк ташуучу унаа тайгаланып жолду тосуп калганын ӨКМ билдирди.
Анын кесепетинен ашуунун түндүк бетинде 8, түштүк бетинде 8 жүк ташуучу унаа туруп калган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Ак-Талаа райондук бөлүмүнөн жана РИИБдин ыкчам тобу барып, башка жүк ташуучу унаа менен тыгылып турган унааны тарттырып калыбына келтиришкен. 17-ноябрда түнкү саат 02:30да каттам жөнгө салынып, унаалар өткөрүлгөн.