"РИОМ" автобазарында кайрадан бастырма урап, унааларды басып калды

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуРухнул навес на рынке РИОМ (бывший "Азамат") в Бишкеке
Рухнул навес на рынке РИОМ (бывший Азамат) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ күнү ураган бастырма 12 унааны басып, жалпы чыгым 600 миң сомго жеткен.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "РИОМ" автобазардагы (мурдагы "Азамат" базары) №2 сектордун бастырмасы кулап, бир нече унааны басып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган базардын жетекчиси Айбек Баратов билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ күнү базардын дагы бир бастырмасы урап, 12 унааны басып калган болчу. Келтирилген чыгым 600 миң сомду түзгөн.

"Карды көтөрө албай дагы бир бастырма кулады. Учурда чыгымдарды эсептеп жатабыз. Албетте чыгымдар төлөнөт. Унаа ээлеринен кечирим сурайбыз", — деди Баратов.

Ал калган бастырмалар бекем экендигин айтып, кулап калат деген коркунуч жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0