ОИИБ: жергиликтүү кеңештин экс-депутаты өкүл балдары менен мал уурдап жүргөн

Жазылуу
Кылмыштуу топтун жетекчиси жергиликтүү кеңешке мурда депутат болгон жана айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Ал өз тобуна жакын туугандарын тарткан, алардын ичинде өкүл балдары да бар.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын сентябрь айында милиция кызматкерлери мал уурдаган уюшкан кылмыштуу топту кармашкан. Алар республиканын бир нече облустарында уурулук менен алектенгенин Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун негизги курамын Нарындын Кочкор районунун 49, 36 жана 37 жаштагы тургундары түзгөн. Аталган топ быйыл Ысык-Көл облусунун Тоң районунан 32 жылкы уурдаганы белгилүү болгон.

"Малды Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагынан уурдашкан. Алар уурулук менен былтыртадан бери алектенип келишкен. Уюшкан топтун башчысы айылдык кеңештин мурдагы депутаты жана Кочкор районундагы айыл өкмөтүн жетектеген. Мындан сырткары, улуттук спорттун бир түрүнүн федерациясын айылдык масштабда жетектеген. Ал өзүнүн кылмыштуу тобуна жакын туугандарын тарткан, алардын ичинде өкүл балдары дагы болгон", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр камакка алынды. Милиция кызматкерлери алардын ушул сыяктуу окуяларга тийиштиги бар жогун текшерүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0