Милиция менен жарандын мушташы: таамай сокку жана көтөрүп чабуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активист Болот Ибрагимов Facebook баракчасына МАИ формасын кийген адам менен жөнөкөй жарандын мушташкан видеосун жүктөдү.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Чүй облустук Кайгуул милициясы МАИ формасын кийген адам менен жарандын урушу тууралуу пикир айтуудан баш тартты. 

Белгилей кетсек, буга чейин активист Болот Ибрагимов Facebook баракчасына МАИ формасын кийген адам менен жөнөкөй жарандын мушташкан видеосун жүктөгөн. 

"Видеодогу адам МАИнин формасын кийиптир. Азыр андай форма кийгендер жок. Анткени Кайгуул милициясы болуп өзгөртүлгөн. Ошондуктан видео эски болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. 

Болот Ибрагимов болсо видеону белгисиз бирөөлөр жөнөткөнүн, автору ким экенин билбей тургандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0