Мэрия: "Дордой" базары убактылуу жабылып, элди чыгарып жатышат

© Фото / Расул МуратКрыша рухнула на столичном рынке "Дордой"
Крыша рухнула на столичном рынке Дордой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан үч адам жабыркап, алардын ичинен бир аял оор абалда ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Дордой" базары убактылуу жабылып, кооптуулуктан улам элди чыгарып жатышат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-ноябрда "Дордой" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калган. 

"Учурда Дордой базар толугу менен жабылды. Урап түшкөн чатыр 450 чарчы метрди басып калган. Кырсыктан үч адам жабыркап, бирөөсү шаардык №4 ооруканага жеткирилди", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматынын өкүлү.

Жаракат алгандардын үчөөсү тең аялдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0