Улуттук госпиталда 25 жаштагы жигит асынып каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум Медициналык академиядагы мугалимдин ассистенти болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Улуттук госпиталдын аймагынан 25 жаштагы кишинин асынып калганын Бишкек шаардык ИИБи тастыктады.

Медициналык аспап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асынып калган дарыгердин жардамчысы анестезиолог болом деп кыялданчу
Окуя кечээ күндүз болгон. Милиция аталган фактыны суицид катары каттоого алган.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын билдиришинче, маркум жаран Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучунун ассистенти болуп иштеген. 

Академиядан азырынча бул окуя боюнча түшүндүрмө бере элек. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0