Ош: кафенин кардары мантыдан чыккан мык үчүн милицияга арызданды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАгрохолдинг "Птицефабрика "Октябрьская"
Агрохолдинг Птицефабрика Октябрьская - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эки тараптын арызын Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү карап жатканын Замир Сыдыков кошумчалады.

ОШ, 2-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы кафелердин биринин кардары тамактанып жатып, мантыдан мык чыккандыгы үчүн милицияга арыз жазганын Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди. 

Анын айтымында, учурда бул чыр иликтенип жатат.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 38 жаштагы Майрам аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. 

"Анын айтымында, 28-ноябрь күнү шаардагы кафеге келген бейтааныш кыз мантыга буюртма берип, анын ичинен мык чыкты деп кызматчы кыздарды оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Ошондой эле шаардын Асел аттуу тургуну да мантыдан мык тапканын айтып, милицияга арызданган", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле учурда эки тараптын арызын Ош ШИИБдин тергөө бөлүмү карап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0