Оорукана дарыланып жаткан балдар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда сасык тумоодон 12 киши реанимацияда жатат

467
(жаңыланган 16:27 05.12.2016)
Республикалык инфекциялык ооруканада 487 бейтап жатса, анын 299у сасык тумоого кабылгандар.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Республикалык инфекциялык оорукананын реанимациясында сасык тумоо менен ооруган 12 киши реанимация бөлүмүндө жатат, анын 10у — балдар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Ушу тапта оору менен кайрылгандардын саны күн сайын өсүүдө. Бишкектеги мектептердин баары жана аймактардагы 31 мектеп карантинге жабылды.

"Оорукананын реанимациясында сасык тумоого кабылган 12 кишинин 10у — балдар. Абалы оор. Келген элдин агымы азайган жок. Статистикага ылайык, жыл башынан бери былтыркы ушул маалга салыштырмалуу сасык тумоого кабылып кайрылгандардын саны 3,5 миң кишиге көп болду", — деди дарыгер.

Анын айтымында, учурда ооруканада 487 бейтап дарыланууда, анын 299у — сасык тумоого чалдыккандар. Бактыга жараша, оорудан каза болгондор жок.

Сасык тумоо менен ооруган учурда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

467
Белгилер:
сасык тумоо, оорукана, Гүлжигит Аалиев
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Чүй облусундагы 30 мектеп карантинге жабылды
Сапарбү Тобокалова: сасык тумоо маалында дене табын атайылап түшүрүү — чоң катачылык
Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон жол кырсыгы

Түптө жүрөк үшүн алган жол кырсыктан 18 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

4
(жаңыланган 14:03 07.05.2021)
Автоунаада 18 жаштагы төрт эркек болгон. Кырсыктын кесепетинен бирөө каза болсо, калганы райондук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Последствия ДТП в Тюпском районе Иссык-Кульской области
© Фото / пресс-служба МЧС
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды

Билдирмеге караганда, кырсык 7-май күнү саат 00:57лер чамасында Шаты — Ичке-Суу— Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) болгон.

"Анда BMW-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, автоунаанын ичиндеги 18 жаштагы үч улан жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгү Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

4
Белгилер:
өлүм, ӨКМ, жол кырсык, Түп, Ысык-Көл облусу
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош: үч ай ичинде жол кырсыктарынан 23 адам каза болду
Баткенде дамба жырылышы

Баткенде дамба жырылып 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт

36
(жаңыланган 13:52 07.05.2021)
6-майдан 7-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кадамжайдагы дамба 4-5 жеринен жырылып кеткен.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

  • Прорыв дамбы № 12 из-за проливных дождей в селе Орукзар Кадамджайского района
    Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Прорыв дамбы № 12 из-за проливных дождей в селе Орукзар Кадамджайского района
    Кечээ, 6-майда, саат 23:13тө Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Баткен облусунда дамба жырылгандыгына байланыштуу 1 500гө жакын тургун эвакуацияланып, учурда кайра үйлөрүнө кайтышты

Кечээ, 6-майда, саат 23:13тө Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам № 12 дамба 4-5 жеринен жырылып, Кайтмас жана Өрүкзар айылдарына коркунуч жараткан. Мындан улам жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.

Болжол менен саат 04:00дө суунун деңгээли төмөндөп, айыл жашоочулары үйлөрүнө кайтышкан. Жеринде 30 куткаруучу иштеп жатат.

36
Белгилер:
ӨКМ, дамба, Кадамжай, Баткен
Тема боюнча
Баткенден эвакуациялангандардын так саны белгилүү болду