Бишкектин чок ортосунда люкка түшүп, эки күн жаткан адамды селсаяктар сактап калышты

Жазылуу
Бакыт люкка түшүп кеткенде сол тизеси сынган. Учурда Бишкек шаардык №4 ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Лев Толстой – Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бишкек жылуулук тармактарынын куурлары жайгашкан люктардын бирине түшүп кетип, эки сутка бою жаткан 39 жаштагы тургунду селсаяктар сактап калышты. Бул тууралуу жабырлануучу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, окуя ноябрь айынын ортосунда болгон. 

"15-ноябрь күнү кечинде жумуштан кайтып, Логвиненко – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде темир жолду бойлоп келе жаткам. Бир маалда телефонумдун батарейкасы түгөнүп, жарыгы өчүп калды. Ошондон 15-20 секунд өтпөй эле люкка түшүп кеттим. Айланамды карасам, мен жаткан жерден ары кетчү коридор көрүндү", — деди Бакыт (аты өзгөртүлдү — ред.) аттуу жабырлануучу.

Аны эртеси күнү дагы эч ким уккан эмес. 17-ноябрь күн гана таңга маал жакын жерден бирөөлөрдүн үнү угулган. 

Абдисатар Садыков, спасший девушку в канале - Sputnik Кыргызстан
Баткендик ишкер сууга аккан тажик кызынын өмүрүн сактап калды
"Таң атайын деп калганда кар себелей баштады. Коридордун ары жагынан 2-3 кишинин сүйлөшкөнү угула баштады. Жаныма бат эле бир аял, эки эркек келип калды. Үчөө тең селсаяк экен. Ошолор Тез жардамга, ӨКМге чалышты, экөө тең 10 мүнөттүн ичинде келип калды", — деди Бакыт. 

Жабырлануучуну люктан ӨМКдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары алып чыккан. 

"Бизге чакыруу 17-ноябрь күнү эртең мененки саат 8.30да түштү. Биздин тайпанын балдары түшүп алып чыгышканда, буту ооруп жатканын айтты. Дароо Тез жамдарга өткөрүп бердик", —деди куткаруу тобунун жетекчиси Бахтияр Акматов. 

Бакыт люкка түшүп кеткенде сол буту тизесинен сынып кеткен. Бул боюнча Бишкек шаардык тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев айтып берди. 

Алкан базарындагы кулаган чатыр - Sputnik Кыргызстан
"Алкан" базарында жабыркагандардын бирине операция жасалды
"Жабырлануучуну ӨКМди куткаруучулары алып чыгып бергенден кийин, биздин дарыгерлер текшерип чыгып, сол бутунун тизеси сынып кеткени белгилүү болгон. Аны Тез жардам кызматы Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткиришкен", — дейт Абдылдаев. 

Учурда жабырлануучу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0