БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Чаткалда арыктардан ашкан суулар үйлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Чаткал районунда Жаңы–Базар жана Курулуш айылдарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон чогулган суулар арыктарга муз болуп тоңуп калган.
"7-декабрда саат 19:00 чамасында тоңгон муздан улам суу арыктарга батпай, 20-25 турак үйлөрдүн короолорун жана кошумча курулмаларын каптаган", — деп жазылат маалыматта.
Окуя болгон жерге бир жүктөгүч тартылып, кокту-колоттон келген агын суулар өз нугуна салынган. ӨКМден турак үйлөрдүн короолоруна кирген суу жерге сиңип кеткендиктен, кошумча жардам талап кылынган жок деп билдиришти.