БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Адамды тепселеп кетти деген шек менен изделип жаткан Toyota RAV4 автоунаасынын айдоочусу милицияга өзү барып, бул окуяга тиешеси жок экендигин айткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.
Буга чейин Кайгуул милициясы Бишкекте жума күнү кечки саат 23:50 чамасында Юнусалиев көчөсүнөн эркек киши жолдо өтүп бара жатканда Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткендигин, анын артынан Toyota RAV4 унаасы жабыркаган адамды тебелеп кеткендигин маалымдаган.
"Toyota RAV4 автоунаасынын айдоочусу маалыматты сиздердин сайттан окуп, анан бизге келиптир. Анын айтымында, ал жабыркаган адамды тепселеген эмес. Алдындагы унаа тарабынан кагылган адамды көрүп, жабыркаган адамды айланып өткөнүн билдирүүдө", — деди Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбек Майназаров.
Милиция белгилегендей, азыр Toyota RAV4 унаасынын айдоочусу Кайгуул милициясында. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Жабыркаган адам Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда оор абалда жатат.