Бишкекте үч кыз киши тоноп кармалды

Жазылуу
Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 11-декабрда үч кыз күч колдонуу менен анын уюлдук телефонун тартып алышкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тоноочулукка шектелген үч кызды крамады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин маалымат кызматы билдирди.

"Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. 11-декабрда болжол менен 14.30да үч кыз күч колдонуу аркылуу анын Q Mobile маркасындагы телефонун тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү деп 19, 20 жана 21 жаштагы кыздарды кармашты. 

Кылмышка шектүүлөр тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0