Кара-Жыгачта эки унаа сүзүшүп, алты адам жабыркады

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыр тарткан эки аялды куткаруучулар барганга чейин өтүп бара жаткан унаа менен Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен.

БИШКЕК, 14-дек.— Sputnik. Кечээ, 13-декабрь күнү, кечки саат жетилер чамасында Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылына кире бериштеги жолдогу кырсыктан алты адам жабыркаганын ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, кырсыкка Toyota Estima менен Subaru Forester үлгүсүндөгү унаалар кириптер болуп кагылышкан. 

"Натыйжада Subaru Forester унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жабыркаган. Аларды куткаруучулар барганга чейин өтүп бара жаткан унаа менен Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен", — деп айтылат билдирүүдө. 

Ал эми Toyota Estima унаасындагы жабыр тарткан төрт адамга ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, райондук медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0