БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Токмок шаарындагы май куюучу бекеттердин бирине таңга маал кол салууга шектелген аял менен эркек кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Мындан төрт күн мурда Токмоктогу май куюучу бекетке саат 05:13тө келген аял автоунаасына газ толтуруп алууну суранган. Оператордун саат алтыда келгиле деген сөзүнө ынабай терезени каккылап, жолго шашылыш чыгып жатканын айтып, суранып туруп алган. Кызматкер оператордук бөлмөсүнөн чыкканда ага эркек киши кол салган.Жыйынтыгында, 500 сомдук "Nokia Х-2", "Hyundai Sonato" автоунаасынын 2000 сомдук ачкычын жана кассадан 53 000 сомду алып, из жашырышкан.
Милициянын маалыматына караганда, алар алып кеткен чыгым 55 500 сомду түзгөн.
"Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык, соттук-криминалисттик жана соттук- дактилоскопикалык экспертизалар дайындалды. Ал эми буга шектүү делген жергиликтүү бир аял жана эркек кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп маалымдады маалымат кызматынан.
Маалыматта, кармалган эркек мурда соттолгону айтылат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.
Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.
"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунааны саясий партиялардын биринин лидери аткылап кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалова жөнүндө болуп жатат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Түндө Бишкекте төрт унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Кырсык болгон жердеги видео "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн. Кадрлардан айрым унаалардын талкаланып калганын көрүүгө болот.
Окуя 20-апрелге караган түнү саат 00:41де болгон.
Анда Toyota Camry автоунаасы Айтматов проспекти менен түштүктү көздөй бара жатып, ошол эле багытта бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Андан кийин каршы тилкеде келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагылышып, андан ары дагы ошол эле багытта бараткан Honda Torneo унаасын сүзүп токтогон.Натыйжада каргашадан үч киши жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Учурда машиналардын бардыгы айып короого киргизилип, тийиштүү экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себептери такталууда.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда коронавирус боюнча абал оор болуп жаткандыктан кошумча 132 орун ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
"Бул эки аймакта жалпысынан 2 361 орун бар эле. Алардын 255и реанимациялык палаталардагы керебеттер болчу. Бирок булар дагы жетишсиз болуп жаткандыктан, 19-апрель күнү Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык оорукананын хирургия бөлүмүндө 132 орун даярдалды", — деди Рахматуллаев.
Ал башка аймактарда абал туруктуу жана коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жетиштүү экенин кошумчалады.
Маалыматка караганда, ушул сааттарда Бишкек шаары боюнча — 281, Чүй облусу боюнча 238 бош орун бар.