БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Үч ирет унаа уурдаганы үчүн кармалып, үч жолу тең сот тарабынан акталып чыккан 29 жаштагы жаран эки унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымына караганда, шектүү жаран унааларды Жалал-Абад облусунун аймагынан уурдап Ош шаарында саткан.
"Honda Fit үлгүсүндөгү эки унааны Ош шаарына алып барып бирин 1200, экинчисин 1400 долларга сатып жиберген. Кардарларга унаанын документин "унутуп калыпмын" деген шылтоону айтып алдап кеткен. Ал эми сатып алуучулар унаанын арзандыгына кызыгып акчаны колуна карматышкан", — деп билдирди Сыдыков.
Кармалган жаран 2014-2015-жылдар аралыгында төрт Honda Fit уурдоого шектелип кармалган. Тергөө иштери жүргүзүлүп, иш сотко өтүп, бирок акталып чыгып кеткен.
Учурда шектүү Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Бүгүн Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат.