Казакстандык кыздын iPhone телефону жарылып, денеси күйүп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда iPhone кармап турган кыз. Архив
Колунда iPhone кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабыркаган кыз келтирилген чыгымдын ордун төлөтүүнү көздөп жатат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Казакстандын Актөбө шаарынын 27 жаштагы тургуну Ардак Орынбасарованын телефону жарылып, денеси күйүп калганын Sputnik Казакстан http://sputniknews.kz/regions/20161222/1249565.html маалымат агенттиги "Диапазон" гезитине таянып жазып чыкты. 

Samsung Galaxy Note 7. Архив - Sputnik Кыргызстан
Samsung ишканасы Galaxy Note 7 телефондорун иштетпей турган болду
Кыздын айтымында, ал iPhone 5S үлгүсүндөгү телефонун токко сайып койгон. 18-декабрда түнкү саат үчтөр чамасында күйүп кеткен. Ардак чочуп ойгонгондо керебетинин жарымы күйүп жатканын байкап, кыйкырып жардам суроого чамасы келген эмес. Себеби иске уулана түшкөн.

Жардамга чуркап келген атасы эшикти дароо ача албай койгон. Акырында кызды күйүп жаткан бөлмөдөн чыгарып, ооруканага алып келишкен. Кыз жандандыруу бөлүмүндө бир сутка жаткан.

Ардак уктап калуудан коркуп жатканын айтат. Кыздын денесинин көп бөлүгү жана бети күйүп калган. Өрт анын бөлмөсүн, ноутбугун жана норка тонун жалмап кеткен. Учурда кызга пластикалык операция жасалышы мүмкүндүгү айтылууда.

Ал ортодо кыз телефон сатып алган салонду сотко берүүгө камынып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0