Булак: Москвада кармалган "Таблиги жамааттын" 6 мүчөсү КР жараны болуп чыкты

© Фото / ЦОС ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүПротивоправная деятельность запрещенного в РФ религиозного объединения "Таблиги Джамаат" пресечена на территории Московского региона
Противоправная деятельность запрещенного в РФ религиозного объединения Таблиги Джамаат пресечена на территории Московского региона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган уюмдун катарына жаңы киргендер Афганистан менен Пакистанда окуудан өтүш үчүн жиберилип турган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандын алты, Россиянын бир жараны Москванын аймагында "Таблиги жамаат" тобунун иштери менен кармалды. Бул туурасында РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү маалымат булактары кабарлагандыгын жазды. 

"Кыргызстандын алты, Россиянын бир жараны кармалды", — деп айткан маалымат булагы.

Кадры задержания экстремистов из Таблиги Джамаат - Sputnik Кыргызстан
Москвада "Таблиги жамааттын" мүчөлөрүн кармаганда тартылган видео. Кыргызча китептер
ФСБ менен ИИМ Росгвардиянын жардамы менен бейшембинин кечинде Москванын аймактарынын биринен "Таблиги жамаат" тобунун жети мүчөсүн кармаган. Маалыматтарда, аларга чет элдик эмиссарлар жетекчилик кылып, жол көрсөтүп турганы айтылат.

Кармалган бул уюмдун бул мүчөлөрү жаңы тарапташтарын таап, өздөрүнүн идеологиясына сугарып, тыюу салынган диний адабияттарды окуп, Россияда халифат түзүү пландарын талкуулап келишкен деп айтылат маалыматта.

Аларга азгырылгандар Афганистан менен Пакистанда окуудан өтүш үчүн жиберилген деп жазды агенттик.

Россияда "Таблиги жамаат" уюмунун ишмердүүлүгүнө 2009-жылы тыюу салынган. Бул боюнча документте аталган уюм өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп айтылган. Андан сырткары эл аралык террордук топтор менен алака-катнашта деген баа берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0