Тогуз-Торонун Кара-Көө ашуусунда үч ирет кар көчкү түштү

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүСтроительство дороги в Олекминском районе Республика Саха (Якутия)
Строительство дороги в Олекминском районе Республика Саха (Якутия) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жол тазаланып, атайын техника иштеп жатат.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кечээ, 24-декбарь күнү саат 14төр чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кара-Көө ашуусунда үч ирет кар көчкү түшкөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, көчкү ашуу жолунун 67-чакырымында, 69 жана 73-чакырымында түшкөн. Кардын жалпы көлөмү 18 миң куб метр деп болжолдонууда.

Учурда жол тазаланып, атайын техника иштеп жатат. ӨКМ кар көчкүдөн эч кимге зыян келтирбегенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0