БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кечээ, 25-декабрь күнү саат 19:47де очогунда 4-5 баллдын тегерегинде болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан.
Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагынын Кең-Суу, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз, Кургак, Таш-Короо, Эңилчек айылдарында силкинүүнүн күчү 3 балл болуп сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.