Аида Саляновага кылмыш иши козголду

Жазылуу
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген деп айыпталууда.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Экс-башкы прокурор, учурдагы ЖК депутаты Аида Саляновага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында кабарланды. 

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш прокуратура Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши боюнча иш козгоду
Маалымкатка ылайык, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага иш Максим Бакиевдин жакын санаалашы Алексей Елисеевдин иши боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголду. 

Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирген деп айыпталууда. 

Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Бишкекте өткөн маалымат жыйында буга чейин Максим Бакиевдин жакыны делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы жаңыртылгандыгын тастыктап, андан эч кандай жаман нерсе көрбөгөнүн билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0