БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облустук ИИББдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери маркумдун көмүлгөн жерин барып казып салган кишини кармашканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Аталган жаранга издөө жарыяланган болчу.
Белгилей кетсек, 2016-жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа аймагында жергиликтүү тургундар 76 жаштагы кемпирди баптист динин тутунган деп жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө уруксат беришкен эмес. Ошентип маркумдун сөөгү үч жолу жерге берилген болчу.Аталган факты боюнча Жалал-Абад ИИББи Кылмыш жаза кодексинин 263-беренеси (маркумдун сөөгүн мазактоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Каза болгон кемпирдин сөөгүн көмүлгөн жеринен казып чыгарып салган кишилер аныкталып, алар издөөгө алынган.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы оюн-зоок борборунун жанынан Чүй ОИИББдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаада жашаган Жалал-Абад облусунун 21 жаштагы тургунун кармашкан. Ал тергөө органдарына өткөрүлүп берилет.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.
Una empleada golpea a su jefe con una fregona por supuesto acoso
— RT en Español (@ActualidadRT) April 18, 2021
Un funcionario gubernamental chino fue despedido tras viralizarse un video en el que una empleada lo golpea con una fregona, supuestamente por acosarla con mensajes de texto no deseados. pic.twitter.com/ia2znLTUmd
Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.
Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.
Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.
Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.