Пакистанда 26 киши ичимдиктен ууланып, көз жумду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРабота ООО "Дагестан Стекло Тара" в городе Дагестанские Огни
Работа ООО Дагестан Стекло Тара в городе Дагестанские Огни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма алкоголдон жабырлангандардын саны 50 киши экендиги, уулангандар ооруканага келип түшкөндөн кийин каза тапкандыгы маалымдалды.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Пакистандын Пенджаб провинциясында Рождество учурунда 26 киши ичимдиктен ууланып, каза тапкандыгын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Бул туурасында Синьхуа агенттиги кабарлады.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иркутск шаарында "Боярышниктен" ууланып каза болгондордун саны 53кө жетти
Анын кесепетинен кеминде 26 киши каза таап, дагы бир топ адам эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн.

Маалыматтарда ичимдиктин сапаты начар экендигин айтылууда. 

Жасалма алкоголдон жабырлангандардын саны 50 киши экендиги, уулангандар ооруканага келип түшкөндөн кийин каза тапкандыгы маалымдалды. 

Полициянын жергиликтүү бөлүмү бул жаман сапаттагы ичимдикти саткандардын ичинен аны ичкен эки киши кошо мерт болгонун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0