БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Арам өлгөн малдын этин сатуу жана ага чоңдордун катыштыгы тууралуу маалыматтар боюнча Бишкек прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзгөнүн аталган органдын маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, ушул жылдын 13-декабрь күнү "Ош" базарында өлгөн малдын эти сатылганы боюнча КТРКнын кабарчылары журналисттик иликтөө кылышкан. Алардын айтымында, базарда сапатсыз эт саткан соодагерлердин тобу иштеп келет. Журналисттер аталган топ сапатсыз эт менен тез татым жайларын жана колбаса цехтерин камсыздап келерин белгилешкен.
Учурда козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөөлөр уланууда.
Ошондой эле Бишкек прокуратурасы өкмөттүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановго мыйзам бузуу иштерин жоюу боюнча сунуш каты жолдонду.