Кеминдин акими жол кырсыгына кабылганда мас эместигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба я пьянством за рулем в Кыргызстане
Борьба я пьянством за рулем в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй РИИБдин маалымат кызматы Бишкек — Торугарт унаа жолунун 95-чакырымында бейшемби күнү саат 21.30да Toyota Avensis жана Toyota Prado унаалары кагышып алганын тастыктады.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бейшемби күнкү Бишкек — Торугарт жолундагы кырсыкка кириптер болгон Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев мас абалда болгон деген маалыматты четке какты. 

Мурдараак социалдык тармактарда аким мас абалында өз унаасын башкарып бара жатып, башка унааны кагып алгандыгы, эки адам жабыр тартканы боюнча маалымат тараган. 

"Мен мас эмес болчумун. Муну жол кырсыгынан кийин тапшырган экспертизанын жыйынтыгы тастыктай алат. Жол начар болгондуктан Toyota Prado үлгүсүндөгү унаамды тартып кетти. Жыйынтыгында башка унаа менен сүзүшүп алып, өзүм дагы жабыр тарттым. Азыр көкүрөгүм жана буттарым ооруп жатат. Ошондой эле мээм чайкалып калганын дагы айтышты. Тиги унаадагы жабыркаган адамдардын дарыланууга кеткен чыгымдарын өз мойнума алууга даярмын", — деди Супатаев. 

Чүй РИИБдин маалымат кызматы Бишкек — Торугарт унаа жолунун 95-чакырымында бейшемби күнү саат 21.30да Toyota Avensis жана Toyota Prado унаалары кагышып алганын тастыктады. Ошондой эле эки унаанын тең ичиндеги адамдар майда жаракаттарды алганын, экспертизанын жыйынтыгы боюнча эки айдоочу тең таза болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0