Батыш автовокзалынын аймагынан айдоочу аялды коюп кетип, изин жашырган

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял оор абалда ооруканага жеткирилген, милиция айдоочуну издөөдө.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалы жакта эртең менен айдоочу аялды коюп кеткенин Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

"Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Жабыркаган аял оор абалда ооруканага жеткирилген", — деп Кайгуул милициясы маалымдады.

Милиция ошондой эле, эгер кимде ким аталган жол кырсыгына күбө болсо (0 312) 53-22-33, 53-01-81, (0 772) 18-88-21 телефон номери аркылуу маалымат берүүнү суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0