Стамбулдагы терактыны кыргызстандык же өзбекстандык жаран жасашы мүмкүн

© AFP / YASIN AKGUL Нападение на ночной клуб в Стамбуле
Нападение на ночной клуб в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдагы терракта 39 адам каза болду. Учурда Санта-Клаустун костюмун кийип алып, кол салган адам изделүүдө.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Стамбулдагы терактыга кыргызстандык же өзбекстандык жарандын тиешеси болушу мүмкүн экендигин CNN Turk телеканалына шилтеме жасап РИА Новости жазды. 

Нападение на ночной клуб в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы теракт жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды
Полиция терактыга тиешеси бар адам "Ислам мамлекети" террористтик тобу менен байланышы бар экенин билдирди.

Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү Санта-Клаустун кийимин кийген курал адам кол салган. Түркия ИИМинин маалыматына караганда 39 адам (16сы чет элдиктер) көз жумуп, 69 киши жаракат алды. Алдын ала маалыматтарга караганда терактыда каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Маалыматта айтылгандай караганда түрк полициясы 28-31-декабрь күндөрү ар кайсы шаарлардан ИМге тиешеси бар 63 согушкерди кармаган. Аларды суракка алууда терактыга кыргызстандык же өзбекстандык жарандын тиешеси бар болушу мүмкүн экени билинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0