БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Антальяда кыргызстандык кызды сабап жолго ыргытып салган деген шек менен эки киши кармалганын Haberler сайты билдирди.
Алынган маалыматтарга ылайык, Анталья — Коркутели жолунда эс-учун билбей жаткан жеринен бир кыз табылган. Жанында эч кандай документи жок болгондуктан, анын ким экени, кайсы мамлекеттин жараны экени белгисиз болчу. Мындан улам анын комада жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен.ТИМ аталган кыз 21 жаштагы кыргызстандык жаран экенин аныктап, көзүн ачканын кабарлаган.
Учурда кыргызстандык кыз Акдеңиз университетинде дарыланууда.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдардын аялдарга кол салып, аларды муунткан бир нече фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, шектүүлөр аялдарга кечинде кол салып турушкан. 2020-жылдын декабрь айынан бери үч аял жабыркаган. Тоногондор аларды муунтуп күч колдонуп, көбүнчө уюлдук телефондорун тартып алышкан.
"Аталган кылмышка шектелип 20 жаштагы Б.М. аттуу улан жана буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган 21 жаштагы К.Д. кармалган", — деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча кылмыш иши башталып, шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка иштерге катыштыгы такталып жатат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кечинде Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн, учурда жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жайыл районунда кечки саат 21:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тиешелүү кызматтар жолду тазалап жатат. Көлбаев атындагы туннелден азыр автоунаалар өтпөйт", — деп айтышты ӨКМден.
Министрлик аталган чектөө эртең мененки саат алтыга чейин экендигин кошумча кабарлады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.
Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.