Бөтөлкөгө заара ушаткан киши үч күнгө камакка алынды

© Sputnik / Андрей СтенинАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мэрия аталган жаран "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринен өз заңын тазалоосун талап кылганын айтса, милиция ал бөтөлкөгө заара ушатканын белгилөөдө.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Желим баштыкка даарат ушаткан эркек киши үч күнгө камакка алынганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Жолдогу таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия тазалыкты сактабагандар тууралуу маалымат берүүгө чакырат
Буга чейин мэрия аталган жаран "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринен өз заңын тазалоосун талап кылганын айтса, милиция ал бөтөлкөгө заара ушатканын белгилөөдө. 

Муниципалитет тартип бузган кишини санитардык нормаларды бузганы үчүн айыпка жыккан, ал эми "Тазалыктын" кызматкери милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт каттоого алынып, кызматкерлер суралды. Учурда Ленин райондук сотунун чечими менен аталган жаран административдик жаза катары үч күнгө камакка алынды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0