Сүлүктүдө көмүр казган 17 жаштагы бала таш алдында калып каза болду

© Фото / Азамат АйтбаевШахтага түшүп жаткан шахтерлор. Архив
Шахтага түшүп жаткан шахтерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жигит көмүрдү өз алдынча казып келген. Маркумдун сөөгү уранды алдынан чыгарылып, Тез жардам кызматына өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында өз алдынча көмүр казып иштеп жаткан 17 жаштагы баланын үстүнө таш кулап, жигит ошол жерден каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-январь күнү саат 16.15тер чамасында болгон. Аталган кен "Белес-1" ишканасына таандык экени аныкталды. 

Кендин кызматкерлери маркумдун сөөгүн уранды алдынан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0