ӨКМ: Сүлүктүдөгү шахтада көмүр урандысы бир кишини басып калды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүШахта имени С.П. Ткачука в Харцызске на Донбассе
Шахта имени С.П. Ткачука в Харцызске на Донбассе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге куткаруучулар чыгып кетти.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 10-январда саат 14:10дөр чамасында "Раимберди" шахтысында көмүр урандылары көчүп, бир кишини басып калганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге куткаруучулар чыгып кеткен. Кырсык боюнча кошумча маалымат бериле турганын ӨКМден кошумчалашты.

Белгилей кетсек, буга чейин да Сүлүктүдөгү шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 17 жаштагы бала кулаган таштын алдында калып каза болгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0