Ош — Бишкек жолундагы май куюучу жайды тоноого шектелгендер кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора по делу о похищении сына Е.Касперского
Оглашение приговора по делу о похищении сына Е.Касперского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралчан жарандар май куюучу жайда иштегендерди тапанча менен коркутуп 12 миң сом алып кетишкен.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ош — Бишкек жолундагы май куюучу жайдан 12 миң сом акча тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

Кылмышка шектелип жаткандар ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

"Уурулукка шектелип Өзгөн менен Сузак райондорунун 22-25, Токмок шаарынын 18 жаштагы тургундары кармалды. Учурда алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына алып келинди", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Кара-Суу районунун аймагында, тагыраагы кан жолдун боюндагы май куюучу жайга куралчан адамдар кирген. Алар кассир менен күзөтчүнү тапанча менен коркутуп, 12 миң сом алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0