Социалдык фонддун жалган кызматкери кармалды

Жазылуу
Укук коргоо органдарына Света аттуу кыз кары адамдардын үйүнө өзүн Социалдык фонддун кызматкери катары тааныштырып келип жүргөнү тууралуу маалымдалган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кары адамдардын батирине уурулукка кирүүгө шектелген кыз кармалганы тууралуу Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаКары адамдардын батирине уурулукка кирүүгө шектелгип кармалган кыз
Задержанная подозреваемая в причастности к кражам в квартирах пожилых людей - Sputnik Кыргызстан
Кары адамдардын батирине уурулукка кирүүгө шектелгип кармалган кыз

Буга чейин укук коргоо органдарына Света аттуу кыз кары адамдардын үйүнө Социалдык фонддун кызматкери катары келип, алардын кан басымын текшерип кетип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Кары адамдардын көңүлү толугу менен бул кызга бөлүнгөндөн кийин анын пикирлештери батирдин ичине кирип келип, акча менен баалуу буюмдарды тоношкон", — деп айтылат маалыматта. 

Задержанный, подозреваемый в том, что предлагал за деньги пригласить на Голубой огонек в эфире КТРК - Sputnik Кыргызстан
Ош: КТРКнын журналистимин деп алдап акча чогулткан жаран бир айга камакка алынды
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 22 жаштагы С.К. аттуу кыз кармалган. Ал мындай кылмыштарды буга чейин Бишкек шаары менен Чүй облустарында жасап жүрүшү мүмкүн экени айтылат. Кармалган кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы кармалган кыздан жабыр тарткан адамдар болсо 0778 75-00-05, 0709 42-01-19, 0552 10-28-89 байланыш номурларына кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0