Министрлик: учактын кыйрашынан 16 киши каза болду, алардын алтоо — балдар

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу учак эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жерге кулап түшкөн. Кырсык болгон жерге 16 даана техника тартылды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанындагы дачалар түшкөн аймакка кулап түшкөн учактан улам алдын ала маалымат боюнча 16 киши каза болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова Бишкек шаарынан Тез жардам кызматынын башкы дарыгери Егорь Борисовго таянуу менен билдирди.

"Саат 9.00гө карата алынган маалымат боюнча жүк ташуучу учактын кулашынан 9 чоң киши жана алты бала каза болгон. Ошондой эле учкучтардын бирөө өлгөн. Учурда жабыркаган 6 кишиге жардам берилип, жаракат алгандар менен каза болгондордун тизмеси такталууда", — деди Баялинова.

Ал эми Тез жардам кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаевдин айтымында, учурда жеринде Тез жардамдын жети бригадасы иштеп жатат.

Кырсык болгон жерге биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана транспорт министри Жамшитбек Калилов дагы чыгып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0