Башкы прокуратура учактын кулашы боюнча кылмыш ишин козгоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры
Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын кулашынан алдын ала маалымат боюнча отуздан ашык киши каза болуп, жыйырмадан ашык үй жабыркаган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "Манас" аэропортуна жакын жерге кулаган Boeing-747 учагы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (учактын коопсуздук эрежелери жана эксплуатациялоодо кишилердин өлүмүнө алып келүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео - Sputnik Кыргызстан
Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео
Эске салсак, бүгүн эртең менен Дача-Суу айылына жүк ташуучу учак кулап түшүп, андан отуздан ашык киши каза болуп, жыйырмадан ашык үй жабыркаган. Аталган учак Гонконгдон Стамбулду көздөй учуп чыгып, Бишкекке май куюу үчүн конууга аракет кылган. Окуя болгон жерге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлер келди. Башында учактын "Түрк аба жолдору" компаниясына таандык экени айтылып, кийин ал төгүндөлгөн.  

Кылмыш иши ИИМге берилди. 

Кырсыкты иликтөө боюнча ведомстволор аралык ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.

Түркиянын Dunya сайтынын маалыматына ылайык, Boeing-747 учагы 2003-жылы чыгарылган. 124 тонна жүк ташууга жөндөмдүү жана саатына 922 километр ылдамдык менен уча алат.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0